Эшек союу менен алектенген "Кайтал" ишканасынын жетекчиси Алмаз Такырбашевге козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш иши март айынын башында “мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүү” беренеси боюнча козголгон.
Айта кетсек, буга чейин эшек сойгон ишкананын өкүлдөрү 605 эшек союлгандыгын билдиришкен. Алар эшектин эттерин, ичеги-карындарын жана терисин чет өлкөгө экспорттоого даярдаганын айтып чыгышкан.
Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Чүй облусундагы Ак-Жол айылында эшектер союлуп, алардын эттери Бишкектеги чайканаларга таратылып жатканы айтылып, коомчулукта чоң талкуу жараткан эле.