Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө 22 жаштагы жигит өзүн өзү атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-апрель күнү саат 11:00 чамасында аталган өрөөндүн Таш-Өлөң тилкесинде 1993-жылы туулган А.Б. ТОЗ-8 мылтыгы менен өзүн өзү көкүрөк тушка аткан. Мындан улам ал ошол жерден каза тапкан. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Алдын ала маалымат боюнча, жигиттин өз өмүрүнө кол салуусуна үй-бүлөсүнө болгон таарынычтар себеп болгон.