Аба ырайы, 21-апрель: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаабайт

21-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +25°C, түнкүсүн +10°C

Талас облусу. Күндүз +24°C, түнкүсүн +7°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +25°C, түнкүсүн +11°C

Баткен облусу. Күндүз +24°C, түнкүсүн +11°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +7°C

Нарын облусу. Күндүз +16°C, түнкүсүн +7°C

Бишкек шаары. Күндүз +24°C, түнкүсүн +10°C    

Эскертүү!

20-21-апрелде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан