
* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы ырчы
Райхан Абдувалиева Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Караван айылында туулган. Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун комуз бөлүмүндө окуган. К.Орозов атындагы оркестрде комуз чертип эмгектенип баштаган. Алгач Сагынбек Момбеков менен биргеликте гитара менен "Кадыр түн", "Сүйүү вальсы", "Периштем" сыяктуу ырларды аткарып элге таанылган. 1997-жылдан азыркы учурга чейин "Периште" ырчылар тобун жетектеп келет. 2011-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алган.

* Мындан 44 жыл мурун, 1971-жылы 1957-жылдан тарта Гаитинин алмашкыс президентине айланган диктатор
Франсуа Дювалье 64 жаш курагында катуу оорудан каза болгон. Ага алты ирет кол салуу болуп, алты жолу аман калган. Гаити мамлекетин 14 жыл башкарган Франсуа Дювалье вуду деген ишенимди алып жүргөн планетадагы жалгыз президент болгон. Аталган ишеним боюнча, ар айдын 22-числосунда бул ишенимдин арбактары аны коргоп турат имиш. Президенттигинин кийинки жылдары ал президенттик сарайдан 22-числодо гана чыгып турган. Дювалье "Американын президенти Жон Кеннеди вудунун каргышына калып өлгөн" деген. Анын буйругу менен Гаитидеги кара түстөгү иттердин баары өлтүрүлгөн.

* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы Украинанын эстрада ырчысы
Анастасия Приходько Киевде туулган. Ал 15 жашында "ВИА Гра" тобуна кирүүгө аракет кылып, бирок бул аракети ишке ашкан эмес. Глиэр атындагы окуу жайды улуттук вокал боюнча аяктап, кийин Киевдеги Улуттук маданият жана искусство университетин бүтүргөн. Анастасия Приходького атактуулук Орусиянын "Биринчи каналы" уюштурган "Жылдыздар фабрикасы-7" долбоорун жеңгенде келген. Ал эми 2009-жылы ырчы "Евровидение-2009" сынагында Орусиянын атынан чыгып, 11-орунга ээ болгон.

* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Эл аралык Олимпиада комитетинин 7-президенти, испаниялык
Хуан Антонио Самаранч жүрөк оорусунан улам Барселонадагы ооруканалардын биринде көз жумган.
Ал 1920-жылы 17-июлда Барселонада төрөлгөн. 1980-2001-жылдар аралыгында Эл аралык Олимпиада комитетин жетектеген. Хуан Антонио Самаранч “Москва-1980” Олимпиадасы жыйынтыкталган соң мөөнөтү бүткөн Лорд Килланиндин ордуна келген. Эл аралык Олимпиада комитетинде иштеген мезгилинде ал каржы маселесин жолго коюп, мелдештерге демөөрчүлөрдү таба алган. Андан тышкары телевизиондук тармакта ийгиликтүү иш алып барып, көрсөтүүлөрдү телеканалдарга сатуу менен ЭОКтун казынасына ири суммадагы каражат алып келип турган.