Бишкекте мурда 7 жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 1979-жылы туулган И.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал кылмыш чөйрөсүндө Алтуха деген каймана атка ээ.
Айта кетсек, 2013-жылы Бишкекте белгисиз адамдар шаар тургунун коркутушуп, 80 миң доллар талап кылышкан. Бул кылмышка жогоруда аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шектелүүдө. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.