Казакстандагы жол кырсыгынан каза тапкан 5 адамдын сөөгү кыргыз жерине алынып келинди

Казакстандагы жол кырсыгынан каза тапкан 5 адамдын сөөгү кыргыз жерине алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 20-апрелде Рахимжан Оринбаев туугандары менен биргеликте Жамбыл облусуна барып, жол кырсыгынан каза тапкан Оринбаев Аббас (2008-жылы туулган), Оринбаев Аброриддин (2006-жылы туулган), Оринбаева Хадичахон (2003-жылы туулган), Оринбаева Гавхарай (1981-жылы туулган) жана Оринбаева Мавжуданын (1953-жылы туулган) сөөктөрүн алып келген. Ал эми калган кыргыз жарандарынын сөөктөрүн алып келүү иштери жүрүүдө.

Айта кетсек, 19-апрель күнү саат 09:47 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 15 кыргыз жараны каза таап, төртөө жабыркаган. Анда Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен Газель-2705 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Биринчи унаанын ичинде 19 кыргыз жараны болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
peki
2015-04-21 08:38:09
Жандары жаннатттан болсун.
0
Kamil_
2015-04-21 09:08:01
Олумду канчалык коп эстесек коомдогу зулумдук, кайдыгерлик, талап-тоноочулук сыяктуу болшон коптогон терс корунуштордун саны кыскармак. Абдан чон сабак ала турган окуя, Жараткан жакындарына ченемсиз сабыр, тугонгус кайрат берсин.
0
Munarka
2015-04-21 09:08:39
бечаралар жайлары жаннаттан болсун
0
Rahat12345
2015-04-21 09:18:26
катуу кайгыруу менен конул айтам.мындай кырсыкты душманга да каалабайм.
+2
lionna
2015-04-21 09:44:34
жайлары жаннаттан болсун! ошондо бул 5 адам, бир уй було мучолорубу?
0
baba.
2015-04-21 11:28:35
Cупер Инфонун бугунку саны абдан эле кайгылуу журокту титиреткен окуялар менен жарык коргонбу...
0
Bors
2015-04-21 14:56:14
Ошондой окшойт россияга бараткан болсо керек же келаткан тообо жаш балдар жалка.
0
kobra86
2015-04-21 16:34:12
кудайым боодо кырсыктан сактасын
0
kobra86
2015-04-21 16:35:00
жайлары жаннаттан болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан