Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт болгон.
Кара-Балта шаарындагы “Береке” базарында өрт чыгып, товар сактоочу жайдагы 1,5 тонна даарат кагазы күйүп кеткен. Кырсыктын келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.