Ырчы Айнура Салахидинова экинчи уулун жарыкка алып келди. Муну анын жолдошу Санжар Энназаров бүгүн, 21-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, учурда эне менен баланын абалы жакшы. 18-апрель күнү 3,7 килограмм салмакта төрөлгөн наристеге Бекхан деген ысым ыйгарылды.
Кошумчалай кетсек, бул наристе Санжар мырза менен Айнура айымдын экинчи уулу. Түгөйлөр тун уулу Дарини тарбиялап келишет.