Ош шаарында 2 жаштагы баланын өлүмүнө себепкер болгон мас айдоочу 2 айга камалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 17-апрель күнү саат 08:30 чамасында Ленин көчөсүндө болгон. Анда белгисиз айдоочу унаасы менен жол четинде токтоп турган Дэу Матиз жана Хонда Фит унаасын сүзгөн. Анын кесепетинен биринчи унаадан түшүп, балдар бакчасына багыт алган шаар тургуну жана анын 2 жаштагы баласы эки унаанын ортосунда кыпчылып калышкан. Ошол жерден 2013-жылы туулган Одилхан Рахматуллаев каза тапкан. Апасы оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу жардам көрсөтпөй качып кеткен. Көп өтпөй ал жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалган.
Кырсык учурунда ал мас абалда болгон.