23-апрелде Гапар
Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Тургунбай Садыков
атындагы Улуттук сүрөтчүлөр академиясынын бүтүрүүчүлөрү “7 өң” деген аталыштагы
көргөзмөсүн өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде искусство таануучу Чолпон Идрисова билдирди. Анын айтымында, белгилүү Эл сүрөтчүсү Догдурбек Нургазиевдин 7 окуучусу өз
чыгармачылыгын сүрөт күйөрмандарына тартууламакчы.
Көргөзмө 9-майга чейин
уланат.