Мурдагы эл өкүлү Урмат Аманбаеванын иши боюнча сот отуруму 29-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Аманбаеванын жактоочусу Нургазы Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, сот отуруму бүгүнкүгө белгиленген. Бирок судья Анарбек Мамбеталиевдин ооруп калгандыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылды.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутаттын мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.