1-марттан баштап Кыргызстандын ичиндеги аба каттамдары үчүн билет баасы арзандайт. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош аба каттамы үчүн авиабилеттердин баасы 500 сомго, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Баткен, Бишкек-Исфана каттамдарына болгон авиабилеттердин баасы 300 сомго арзандайт. Ошондой эле Бишкек-Жалал-Абад аэропортун оңдоо үчүн 81 миллион сом, Баткен шаарындагы аэропортту оңдоо үчүн 124 миллион сом, Исфана шаарындагы аэропортту оңдоо үчүн 81 миллион сом бөлүнгөн.