Ош шаарында курбусун сабап, оозуна уксус куюп жиберген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 16-январь күнү болгон. Анда 1988-жылы туулган Ж.А. курбусу менен уруша кетип, андан өч алуу максатында ур-токмокко алып, оозуна уксус кислотасын куюп жиберген. Андан соң качып кеткен. Ал эми жабырлануучу Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.