Канжар Кадыралиевдин үстүнөн дагы эки адам прокуратурага кайрылды

Канжар Кадыралиевдин үстүнөн дагы эки адам прокуратурага кайрылды. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады. Бирок алардын арызында эмнелер жазылганын айтышкан жок. Айрым массалык маалымат каражаттары Канжар Кадыралиев арыз менен кайрылган эки жарандын мал жандыктарын тартып алып, ур-токмокко алганын жазышууда.

Буга чейин К.Кадыралиевдин үстүнөн бир канча адам арыз менен кайрылган эле. Мындан улам Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 26-мартта Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.  

Ал эми Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту К.Кадыралиевге карата бөгөт коюу чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин кабыл алган. Бирок 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы биринчи инстанциянын токтомун жокко чыгарып, К.Кадыралиевге карата үй камагын тандаган. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко кайрылышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштечү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
warsaw.
2015-04-21 12:40:39
эххэээ кыргыз элибиз качан оңолот качан?
качан гана бизде бийликтегилердин тууган уругуна карабай соттоп камап салса оңолобуз!
бей бечаралар гана соттолот а мындай адамдарды эркиндике чыгарып ийебиз
эмнеге бийликте эжеси бар,же болбосо таякеси же эжеси же күйөөсү бар..
тааныш билиш бизде кыргызстанда.........
+4
nurik11-29
2015-04-21 13:06:43
баарынын арты таза эмес ошон учун камай алышпайт......
0
bom.bon
2015-04-21 15:29:36
Сен таза болсон мен таза болсом коом таза болот!-деген созду мээлерине куюп койу керек!
+2
Aidar.001
2015-04-21 18:51:25
Прокурор деген атты жамынып оз элине кылган кыянаттыгы адамдык сапат эмес го! !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан