Оштогу 12 кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндөгү саунада интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун жай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, көмүскө жай уюштурганы үчүн саунанын администратору кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.