Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Маевка айылында 1992-жылы туулган айдоочу рулду башка албай калып, унаасы менен жол четиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги 3 адам жана айдоочу жабыркаган. Учурда алар ооруканада.