Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19-апрель күнү саат 17:41 чамасында Бакай-Ата конушунда 10-11 жаштардагы кыз сууга түшүп, агып кеткен. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүп, кыздын жансыз денесин табышкан.