Казакстандагы жол кырсыгынан каза болгондордун тизмесине өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу 21-апрелде
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, каза болгон деген жарандардын бирөөсүнүн документи гана ошол кичи автобус аркылуу тиешелүү адамга жиберилгени аныкталды.
"Акыркы маалыматка ылайык, 1974-жылы туулган Эралиев Абдусамат Токтосунович Орусия Федерациясында иштеп жүргөнү аныкталды. Эралиев Абдусаматтын айдоочулук күбөлүгүн Ош шаарынан туугандары берип жиберишкен" деп айтылат маалыматта.
Ал эми 1992-жылы туулган Эрлан Арыскуловдун (ооруканадан каза болгон) жана 1974-жылы туулган Махамаджан Амираевдин (кырсык болгон жерден каза болгон) туугандары Казакстан Республикасынын аймагында Балхаш шаарын көздөй баратышканы айтылды.
Айта кетсек, кырсык 19-апрель күнү эртең менен саат 09:47де Жамбыл облусунун Моюнкум районунда орун алган. Анда Газель-2705 жана Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кагышкан.