* Мындан 88 жыл мурун, 1927-жылы коомдук ишмер, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1993-ж.)
Дөлөн Өмүрзаков Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айылында туулган. Ал Токмок шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган. 1942-1944-жылдары Ленинграддагы П.Ф.Лесгафт атындагы Мамлекеттик дене тарбия институтунда билим алган. Эмгек жолун ушул институттун гимнастика боюнча кафедрасында иштөө менен баштап, ошол эле жерден аспирантураны аяктаган. 1953-жылдан баштап өз мекенине келип, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин алдындагы Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалык кызматын аркалаган. Дөлөн Өмүрзаковдун жетекчилик кылып турган маалында көптөгөн спорттук оюн-зоок жайлары, анын ичинде “Спартак” стадиону, Кожомкул атындагы Спорт Ордосу сыяктуу курулуштар курулган. Анын ысымы 2011-жылы Бишкектеги борбордук стадионго берилген.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак менен Кабулга учуп баратып Логар провинциясында авариялык конууга аргасыз болгон он адамды талибдер барымтага алышкан. Алардын ичинде кыргыз жараны, 47 жаштагы учкуч Нургазы Конушбеков да болгон.
Маалыматтарда Хост шаарынан Кабулга бара жаткан МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак Логар провинциясына келгенде катуу жамгырдан улам авариялык конууга аргасыз болгон. Ошол учурда талибдер аларды туткунга алышкан. Барымтадагылардын жетөө Түркиянын атуулу, алардан башка Орусиянын, кыргыз өлкөсүнүн жана Ооганстандын бирден жараны болгон. Нургазы Конушбеков учкуч болуп иштеп жүргөн МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак "Хорасан Карго Эйрлайнс" деген ооганстандык жеке авиакомпанияга таандык экени белгилүү болгон.

* Мындан 145 жыл мурун, 1870-жылы көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмер, СССРдин жана Коммунисттик партиянын негиздөөчүсү
Владимир Ильич Ленин (Ульянов) Симбирскиде туулган. Ал 1895-жылы Петербургда "Жумушчулар классынын боштондугу үчүн күрөш биримдигин" түзүүгө катышкан. Бул үчүн 1897-жылы кармалып, Енисей губерниясындагы Шушенск айылына 3 жылга сүргүнгө айдалган. Ал эми 1900-жылы Ленин чет өлкөгө кетип, Г.В.Плеханов менен бирдикте "Искра" гезитин чыгарган. 1903-жылы большевиктер партиясын жетектеп, 1917-жылы Октябрь революциясынын башында туруп, орус падышачылыгын тактан кулатып, Владимир Ильич Ленин бийликке келген. Владимир Ильич Ленин бир партиялуу систем түзүп, Коммунисттик партиянын жетекчилигинде СССРди түптөгөн. 1918-жылы анын өмүрүнө кол салуу болуп, оор жаракат алган. Ал эми 1924-жылы январда ден соолугу кескин начарлап, 21-январь күнү каза болгон.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга айыпталып жаткан
Жохар Царнаев эсине келип, сурала баштаган. Бирок ал сүйлөй албагандыгына байланыштуу жазуу аркылуу көрсөтмө берген. "15-апрелде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелген Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган.
Тамерлан Царнаев 1986-жылы Чеченстанда, Жохар Царнаев 1993-жылы Кыргыз Республикасында төрөлгөн. Алар 2001-жылга чейин кыргыз жеринде жашап, андан соң Түркияга, 2003-жылдан кийин АКШга көчүп кетишкени белгилүү болгон