Бишкектеги Ак-Жар жаңы конушунун 52 жаштагы тургуну Кайрыл Назарова изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде изделип жаткан жарандын баласы Азамат Назаров билдирди.
«Апамды акыркы жолу 4-апрель күнү Калыс-Ордо жаңы конушунан көрүшүптүр. Ошондон бери дайынсыз болууда. Эгер көрүп-билгендер болсо, 0702 64-45-56 жана 0777 49-08-29 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар»,- дейт Назаров.