Бүгүн, 22-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган окуучулардын арасында советтик ырларды аткаруу боюнча гала-концерт өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, кыргыз искусствосуна эмгеги сиңген ишмерлер, Жогорку Кеңештин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мэриянын өкүлдөрү, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, окуучулардын ата-энелери жана жакындары катышмакчы.