Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдайт. Маалыматка ылайык, Бишкекте 3, Талас облусунда 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Ош облусунун Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтүндө 2 кабаттуу курулуш чарбасынын жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 120 чарчы метр келген чатыры, 3,5 тонна чөп, 2,5 тонна беде, 4 тонна жүгөрү күйгөн. Мунун себеби электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушу болгон.