Балыкчы-Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

Балыкчы-Каракол унаа жолунун 120-чакырымында УАЗ үлгүсүндөгү автоунаа (мамлекеттик номуру 8447 ВА) менен Мерседес Гигант үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру Т 6571 D) сүзүшкөн. ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда УАЗ автоунаасынын ээси такталууда. Ал унаада 5 адам болгон. Алардын ичинен 2 адам каза болгон, 3 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 1997-жылы туулган Мерседестин айдоочусу Асылбек Имашев оор жаракаттары менен Чолпон-Ата шаарынын ооруканасына жеткирилди.

Кырсык болгон жерде өздүгү аныкталган жарандар:

1. Кубан Бейшеев (1960-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну) кырсык катталган жерден каза болгон.

2. Расул Алжанбаев (1955-жылы туулган, Бостери айылынын тургуну) Чолпон-Ата шаарынын ооруканасында каза болгон.

3. Бакыт Сулайманов (1971-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну) оор жаракат алып Чолпон-Ата шаарынын ооруканасында жатат.

4. Дамир Тойкеев (1960-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну) Чолпон-Ата шаарынын ооруканасында жатат.  

5. Кылычбек Мусаев (Кашат айылынын тургуну) Чолпон-Ата шаарынын ооруканасында жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHATY
2015-04-22 14:40:53
Жаткан жерлери жайлуу болсун, коллегаларым экен (((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан