Казакстандын Жамбыл облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон Баткен облусунун тургуну, 1993-жылы туулган Рустамбек Дарбешовдун сөөгү кыргыз жерине алынып келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Дарбешовдун сөөгү туугандары тарабынан кечээ, 21-апрелде саат 19:00дө “Ак-Жол” постунан өткөрүлгөн. Дарбешов оор жаракатынан 20-апрелден 21-апрелге караган түнү Караганды облусунун Приозёрск шаарындагы ооруканадан каза болгон. Анын сөөгүн жерге берүү зыйнаты бүгүн өтүүдө.