Чүй облусунда уурулукка шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 40 жаштагы И.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 21-апрель күнү Кой-Таш айылында белгисиз адам унаасындагы портфелин уурдап кеткенин айткан. Портфелде документтер жана 200 доллар акча болгон. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы У.С. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан