16-17-февралда Москва шаарында акын, котормочу жана КРнын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Нурлан Калыбеков “Москва кайрыктары” аттуу клубдун жаш акындарына “Адабий чеберчилик” аттуу мастер-класс өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө жаш акын-жазуучулар ыр жазуунун сырларын, анын ыкмасын үйрөнүшүп, Совет доорундагы жана заманбап адабияттын орчундуу маселелерин талкуулашты. Мындан сырткары Москвада басылып чыккан “Москва кайрыктары -1” жана “Москва кайрыктары -2” аттуу ырлар жыйнагы да катышуучуларга тартууланды.