“Курманжан датка” тасмасы Америкада өткөн эл аралык кинофестивалда эки номинация боюнча жеңүүчү аталды

“Курманжан датка” тасмасы АКШнын Калифорния штатынын Тибурон шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда “Эң жакшы тасма” жана “Эң жакшы операторлук жумуш” номинациялары боюнча жеңишке жетишти. Бул тууралуу “Айтыш-фильм” киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идрисова билдирди. Маалым болгондой, аталган кинофестиваль 9-апрелден 17-апрелге чейин өткөрүлүп, анда 30дан ашык мамлекеттин тасмалары көрсөтүлгөн.

Айта кетсек, ата мекендик “Курманжан датка” тасмасы буга чейин Нью-Йоркто өткөн евразиялык эл аралык кинофестивалда эң мыкты деп табылган. Ошондой эле Башкортостанда өткөн “Акбузат” Эл аралык этникалык кинофестивалында да эң жакшы операторлук жумуш аткарылгандыгы белгиленген. Бирок былтыр “Курманжан датка” кинолентасы "Оскар" сыйлыгына татыктуу тасмалардын тизмесине кирбей калган.

Кошумчалай кетсек, аталган фильм "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын супер тасмасы" деп табылган. Башкы ролду жараткан Элина Абай кызы "Жылдын супер актрисасы" наамына татыктуу болсо, Алымбек датканын образын жараткан Азиз Мурадиллаев "Жылдын супер актёру" наамына арзыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Arzu.kg
2015-04-22 10:39:53
Чындыгында эле мыкты тасма!!!
+2
advert
2015-04-22 12:05:59
мыкты эмес, сценарист аябай начар жазган. режиссер эле жакшы тарткан. мен китептен окуганда таптакыр башкача болчу. жакшы тасма деп айтыш аябай эле кыйын.
-2
kamal777
2015-04-22 20:55:36
Сындап кою оной, Тупку саясий маанисине баа бергенди билиш керек.Бул тасманын идиологиясы жаштарга чон таасир берет.Абдан мыкты тартылган кыргыз киносу биздин тарыхыбызда калат.
0
dastan_nookat
2015-04-24 00:45:03
''Курманжан-датка'' тасмасы мыкты сонун тасма!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан