Социалдык фонддун Ысык-Көл районундагы башкармалыгында кызмат абалынан пайдалануу фактысы аныкталды

Социалдык фонддун Ысык-Көл районундагы башкармалыгында кызмат абалынан пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылы кызматтык имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча Социалдык фонд башкармалыгы менен “Нью-Лак” ишканасынын ортосунда келишим түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында баалар негизсиз жогорулатылып, аткарылган жумуштун көлөмү көбөйтүлгөн. Мындан улам мамлекетке 667 миң сомдон ашуун зыян келтирилген.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан