Чүй облусунун тургундары таап алышкан ок атуучу куралдарды тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-апрель күнү милиция кызматкерлерине Орловка айылынын 34 жаштагы А.Ч. аттуу тургуну кайрылып, талаадан таап алган ок атуучу куралды тапшырган. Ошол күнү Кемин районунун тургуну Б.А. дагы ИЖ-32 аңчылык куралын өткөрүп берген.