Бишкекте жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Бишкекте жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-апрель күнү Түштүк магистралы менен Бах көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда 1984-жылы туулган айдоочу Ниссан үлгүсүндөгү унаасы менен Хонда үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Экинчи унаа катуу соккудан улам Фольксваген Гольф унаасына урунган. Анын кесепетинен Фольксваген Гольф унаасындагы 1959-жылы туулган шаар тургуну жана бир өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан