Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда 16-февралда ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Ишембилик учурунда Достоевский көчөсүндөгү жолдун боюнда жаткан таштандылар тазаланды. Бишкек шаардык мэриясынын №6-муниципалдык аймактык башкармалыгынын, кварталдык комитеттердин кызматкерлеринин жардамы менен 6 жүк ташуучу унаа таштанды чыгарылган. Ошондой эле Туңгуч кичи районунда балдар жана спорт аянтчалары, үйлөрдүн айланалары жана жолдор тазаланды.