Мамлекеттик мүлк фондунун кызмат адамдары бала бакча имаратын төмөндөтүлгөн баада ижарага беришкени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылы Мамлекеттик мүлк фонду менен “БМКК” ишканасынын ортосунда бала бакча имаратын ижарага берүү боюнча келишим түзүлгөн. Анда аянты 1481 чарчы метрди түзгөн бала бакча имараты 585 чарчы метрге кыскартылып, ижара акысы төмөндөтүлгөн. Анын кесепетинен мамлекетке 1,5 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.