Жогорку Кеңештин 22-апрелдеги жыйынында "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.
Документке ылайык, жакын туугандардын органдарын жана (же) ткандарын алууну,
даярдоону жана трансплантациялоону жүзөгө ашырууга саламаттык сактоонун менчик мекемелеринде да уруксат берилет.
Демилгечи депутат Игорь Гусаровдун айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматтарына ылайык, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бөйрөктү алмаштырууга суроо-талап өтө жогору. "2005-жылда 66 миң бөйрөк алмаштырылган, бул керектөөлөрдүн 10 пайызын гана канааттандырган. Ушул эле жылы боорду алмаштыруу боюнча 21 миң операция жана жүрөктү алмаштыруу боюнча 6 миң операция жасалган. Бөйрөк жана боор сыяктуу мындай транспланттардын саны өсүүдө. Бирок аларга болгон суроо-талап ошондой эле өсүүдө жана канааттандырылбаган бойдон калууда",- деди Гусаров.