Жогорку Сот Канжар Кадыралиевди 26-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде аталган соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Жогорку Сот Кадыралиевдин баш коргоо чарасын караган. Анда Бишкек шаарынын жана Октябрь райондук сотунун чечими жокко чыгарылып, Бишкектеги №1-СИЗОго камакка алуу чечими чыккан.
Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту К.Кадыралиевге карата бөгөт коюу чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин кабыл алган. Бирок 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы биринчи инстанциянын токтомун жокко чыгарып, К.Кадыралиевге карата үй камагын тандаган. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко кайрылышкан.
Айта кетсек, Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 26-мартта Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштечү.