БУУнун Азык-түлүк программасы КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана Улуттук статистика комитетине жалпы өлчөмү 1 миллион 610 миң сомдук 58 компьютердик жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу 18-февралда аталган уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул компьютердик жабдыктар “Кыргызстандагы улуттук тамак-аш коопсуздук маалымат системин бекемдөө” долбоорунун алкагында берилди. "Бул компьютердик жабдуулар аталган мекемелердин ишин ыкчам жана сапаттуу ишке ашыруусуна көмөк болот" дейт аталган уюмдун өкүлчүлүгү.