Апта аягында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Апта аягында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Гидрометеорология боюнча агенттигинин маалыматына караганда, 26-27-апрелде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +12... +17, тоо этектеринде +8... +13, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +5...+10 градус жылуу, тоолуу райондордо -2...-7 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана комуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан