Казакстандагы жол кырсыгынан улам каза тапкан дагы эки кыргыз жаранынын сөөктөрүн алып келүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1982-жылы туулган Сартмамбетов Мукамбет Сейдалиевичтин агасы жана 1985-жылы туулган Сойкоев Максатбек Бекмуратовичтин апасы Казакстан Республикасынын Балхаш шаарына барышып, каза болгондорду таанышкан.
Айта кетсек, 19-апрель күнү саат 09:47 чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 15 кыргыз жараны каза таап, төртөө жабыркаган. Анда Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен Газель-2705 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Биринчи унаанын ичинде 19 кыргыз жараны болгон.
Буга чейин жол кырсыгынан каза тапкан Оринбаев Аббас (2008-жылы туулган), Оринбаев Аброриддин (2006-жылы туулган), Оринбаева Хадичахон (2003-жылы туулган), Оринбаева Гавхарай(1981-жылы туулган), Оринбаева Мавжуданын (1953-жылы туулган) жана 1993-жылы туулган Рустамбек Дарбешовдун сөөктөрү алынып келинген.