15-февралда Бишкек мэриясынын Жарнама департаменти жана “Тазалык” ишканасы тарабынан борбор шаарда рейд жүргүзүлүп, көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген жана мыйзамсыз илинген 36 даана көрнөк-жарнак алынды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, рейд шаардагы Горький жана Бөкөнбаев көчөлөрүндө жүргүзүлдү. Аталган иш-чара шаардык мэриянын “Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары” токтомунун алкагында уюштурулду.