Мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиев камакка алына элек

Мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиев камакка алына элек. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Жогорку Сот Кадыралиевди 26-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан улам ал Бишкектеги №1-СИЗОго камакка алынышы керек эле.

Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту К.Кадыралиевге карата бөгөт коюу чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин кабыл алган. Бирок 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы биринчи инстанциянын токтомун жокко чыгарып, К.Кадыралиевге карата үй камагын тандаган. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко кайрылышкан.

Айта кетсек, Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 26-мартта Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.  

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштечү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
misster88
2015-04-22 17:49:03
Биздин чиновниктерге мыйзам иштебеген жалан мана оокшогон колунда жокторго иштейт.
0
Aidar.001
2015-04-22 18:37:56
Камай албаган адамдын озун кошо камап салыш керек озу, коорупционер болуп жатып калды го булар.
0
kubat_1973
2015-04-22 19:32:31
Камалса камалсын камабаса чыгарсын деги аллергияны карматпай мунунардын мындан башка суроту жокпу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан