Талас облусуна караштуу Манас районундагы Кеңеш, Жийде жана Чоң-Капка айылдарында заманбап үлгүдөгү спорт залдар курулууда. Буга чейин аталган айылдарда жаштардын ден соолугун чыңдай турган бир дагы спорт залы болгон эмес. Айыл тургундарынын айтымында, мындай саамалык бош жүргөн жаштардын жаман жолго түшпөй, күч-кубатын пайдалуу нерселерге жумшоого өбөлгө болот. Эгерде түрткү берүүчү грант менен жергиликтүү калк тарабынан чогултулган каражаттар өз убагында берилип турса, быйылкы жылы бул залдарды толугу менен пайдаланууга берүү пландалууда.