Бишкектин Циолковский көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринин алдындагы унаа токтотуучу жайда бир адамдын сатыкка деген 6 унаасы токтоп турат. Мындай маалыматты окурман 22-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Окурман бул көрүнүш көп кабаттуу үйдө жашаган айрым тургундарга ыңгайсыздык жаратып жатканын, себеби унаа токтотууга орун аз экенин маалымдады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.