Кыргызстанда 150дөн ашык мектеп авариялык абалда экенин бүгүн, 18-февралда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитети менен Эл аралык иштер боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, учурда катталган авариялык абалдагы мектептердин саны 147. Алардын ичинде кооптуу абалда, бирок тизмеге алына элек мектептер дагы бар, аларды кошкондо 150дөн ашат. “Тизмеге Ысык-Көлдө болгон жер титирөөдөн жабыркаган мектептерди кошкон жокпуз. Учурда Түркия Республикасынын кредиттик каражатынын эсебинен курулчу объектилерге өрттөнүп кеткен 3, авариялык абалдагы 11 мектеп киргизилип жатат”,- деди министрдин орун басары.