2012-жылы Мамлекеттик бажы кызматынын 9 кызматкери жумуштан айдалган. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда ЖКнын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Малабеков билдирди. “4 кызматкер аткезчилерге көмөктөшкөнү үчүн кызматтан кетсе, бирөө жумушка келбегендиги үчүн, ал эми 2 кызматкер жумуш ордунда негизсиз себептер менен 3 сааттай жок болушкандыгы үчүн иштен алынган”,- деди Малабеков.