“Түндүк электр” ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкананын кызмат адамдары “жети райондогу электр энергиясынын көрсөткүчтөрүн жашырышкан” деп шектелип жатышат. Мындан улам мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.