Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт болгон.
Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунда Ауди 100 унаасы күйүп кетти. Кырсыктын келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу себеп болгон.