Сузак районунда айыл өкмөтүнүн жана орто мектептин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Сузак районундагы Курманбек айыл өкмөтүнүн жана Тажибаев атындагы орто мектептин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2012-жылы аталган айыл өкмөтүнүн жана мектептин кызмат адамдары мектептин чатырын жабууга берилген курулуш материалдарын өздөрүнүн муктаждыктары үчүн керектеп коюшкан. Учурда бул факт боюнча “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан