Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 43 жаштагы С.К. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал "Аламүдүн" базарынан белгисиз адам баштыгын уурдап кеткенин айткан. Анда уюлдук телефону жана 4 миң сом акчасы болгон. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 46 жаштагы Баткен облусунун тургуну кармалды.