“Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 10 миң адамга 7 дарыгер туура келет”. Бүгүн, 18-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынында министрдин орун басары Марат Калиев ушундай маалымат берди. Айтымында, Жалал-Абад облусу дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча башка облустардан алдынкы орунда турат. “Дарыгерлердин айылдарга иштегиси келбегенинин башкы себеби - аймактарда инфраструктуранын өнүкпөгөнү, кесиптик жогорулоонун жоктугу жана жашоо тиричиликтин начардыгы”,- дейт Калиев. Ал эми Чүй облусунун Сокулук районунда 10 миң жашоочуга 9,3 дарыгер туура келерин министрдин орун басары кошумчалады.