19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусундагы Алматы-Екатеринбург унаа жолунда жол кырсыгынан каза болгон 16 адамдын ичинен 14үнүн сөөктөрү кыргыз жерине алынып келди. Бул тууралуу 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 10 адамдын сөөгү кыргыз жерине туугандары тарабынан алынып келди.
2015-жылдын 21-апрель күнү:
1. Оринбаев Аббас, 2008-жылы туулган, Ош шаары, 8-Март көчөсү;
2. Оринбаев Аброриддин, 2006-жылы туулган, Ош шаары, 8-Март көчөсү;
3. Оринбаева Хадичахон, 2003-жылы туулган, Ош шаары, 8-Март көчөсү;
4. Оринбаева Гавхарай, 1981-жылы туулган, Ош шаары, 8-Март көчөсү;
5. Оринбаева Мавжуда Хамидовна, 1953-жылы туулган, Ош шаары, 8-Март көчөсү.
6. Дарбешов Рустамбек, 1993-жылы туулган, Баткен облусунун тургуну.
2015-жылдын 22-апрель күнү :
1. Журабаев Бахтиёр, 1987-жылы туулган;
2. Абдуллаев Жыргалбек, 1983-жылы туулган;
3. Жаныкебаев Максим, 1962-жылы туулган;
4. Эргашов Носиржон, 1984-жылы туулган.
2015-жылдын 23-апрелинде дагы 4 адамдын жансыз денелери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан КамАЗ менен алынып келди:
1. Амираев Махамаджан, 1974-жылы туулган;
2. Сартмамбетов Мукамбет, 1982-жылы туулган;
3. Сойкоев Максатбек, 1985-жылы туулган;
4. Арыскулов Эрлан, 1992-жылы туулган.
23-апрелде саат 05:30да 1 адамдын жансыз денеси Чүй облустук Ысык-Ата районундагы Ивановка айылына жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Калган 3 адамдын сөөгү Мерседес-Бенц Спринтер унаасына которулуп, саат 07:00дө Ош шаарына жиберилди.
1976-жылы туулган Абдыжапаров Абдиталиптин сөөгү ооруканада, 23-апрель күнү туугандары тарабынан таанылгандан кийин мекенине алынып келинет. Каза болгон 1 адамдын өздүгү тактала элек.
Жабыркагандар:
1. Сейитбеков Тайырбек, 1971-жылы туулган, Караганды облусунун Приозёрск шаарында ооруканада жатат, абалы туруктуу.
2. Майрамбек уулу Самат, 1993-жылы туулган, Караганды облусунун Приозёрск шаарында ооруканада жатат, абалы оор.
3. Токторбаев Темирлан, 1993-жылы туулган, Жамбыл облусундагы Балхаш шаарындагы ооруканада жатат, абалы оор.