“2012-жылы Саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен 130 медициналык кызматкерге кызматтык эрежени бузгандыгы үчүн айып пул салынган”,- дейт бүгүн, 18-февралдагы коллегиялык жыйында министрдин орун басары Марат Калиев. Анын айтымында, министрликтин ички аудит тармагы 29 саламаттыкты сактоо мекемесине иликтөө жүргүзгөн. “Алардын онунда арыздын негизинде текшерүү болгон. Психикалык саламаттык республикалык борборунун жана Физиатрия улуттук борборунда жүргүзүлгөн аудит боюнча материалдар Башкы прокуратурага берилген. Учурда аталган кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголгон”,- деди Калиев.